Тоң районунда айыл өкмөттүн орун басары пара берүүгө шектелип кармалды

  • 8 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Ш. КР УКМКнын кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган. УКМК кызматкерине Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан 2,5 миллион сомго автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердеги мыйзамдарын бузууларды текшерүүнү токтотуу маселесинде оң чечим чыгаруу үчүн пара катары берилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты