Тоң районунда 58 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

  • 2 года мурун

Тоң районунда 58 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын 58 жаштагы К.Т. аттуу жараны кечээ, 13-июнда таңкы саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка мал жандыктарын айдап кеткен.

Саат 15:40 чамаларында жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Ал эми саат 18:00 чамасында үй-блөсү анын уюлдук телефонуна чалганда өчүк болуп чыккан. Улахол айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы үйүнө кайтып келбегендиктен, Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө маалымат беришкен. Бул бөлүмдөн 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө иштерине чыгышкан. Издөөнүн натыйжасында бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында жарандын жансыз денеси Шор-Булак айылынын Ак-Курчоо участкасынын көл жээк тарабынын 15-чакырымында табылган. Эмне болуп каза болгону боюнча райондук ИИБи тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты