Тоң районунда 200 орундуу тигүү фабрикасы ачылды
- 2 года мурун
Тоң районунун Кажы-Сай айылына 200 орундуу “Актис” тигүү фабрикасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ишкана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ачылды. Фонд ишкананын ачылышына 10 миллион сом пайызсыз насыя бөлүп берген.
«Учурда ишканада 90 жумушчу иштеп жатат. Алардын орточо айлык акылары 25-35 миң сомго чейин барат. Буйрутмалардын басымдуу бөлүгү Орусиядан келет. Ишкана жетекчиси белгилегендей, акыркы күндөрү Орусиядан келген буйрутмалардын саны көбөйдү. Андыктан тикмечилердин бир айлык эмгек акысы 45 миң сомго чейин жетиши мүмкүн. Фабрикада кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары маалыматта ишкананы ачуу максаты жергиликтүү тургундарды жумуш орду менен камсыз кылуу жана ишкерлерди колдоо экени айтылат.