Тоңдо үрөй учурган жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды, алтоо жабыркады

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда адам өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 13-августка караган түнү катталган. Анда Audi жана BMW үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

«Окуя болгон жерге жол инспекторлору барып, каттоого алышкан. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет», — деп билдиришти ЖККБББдан.

Айрым маалыматтарга таянсак, үрөй учурган жол кырсыгынан сегиз адам каза болгон, алардын арасында беш айлык жана 1,5 жашар эки жаш бала бар. Ошондой эле алты киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгондор Нарын облусунун, Балыкчы шаарынын жана Тоң районундагы Көк-Мойнок айылынын жашоочулары болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты