ТМУ мамлекет башчылар саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
- 14 часов мурун
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды.
Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, төмөнкү документтер кабыл алынды:
1. Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин Бишкек декларациясы;
2. Туруктуу келечек үчүн биримдик Түрк “жашыл” көз карашын кабыл алуу чечими;
3. 2025-жылы Бишкек шаарын Түрк мамлекеттер уюмунун Санариптик борбору деп жарыялоо жөнүндө чечим;
4. Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды сыйлоо чечими;
5. Түрк дүйнөсүнүн уставын кабыл алуу чечими;
6. Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басарларын дайындоо жөнүндө чечим;
7. Түрк мамлекеттер уюмунун Туруктуу өкүлдөрү жөнүндө жобону кабыл алуу жөнүндө чечим;
8. Түрк мамлекеттер уюмунун желегин кабыл алуу жөнүндө чечим.
Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
1. ТМУнун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;
2. Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
3. Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
4. Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
5. ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
6. ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Сүрөт: gov.kg