Өтмөк ашуусунда атайылап кап көчкү түшүрүлдү

  • 2 года мурун

Өтмөк ашуусунда атайылап кап көчкү түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-январь күнү Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 8-10-чакырымдарындагы “Өтмөк” ашуусунда кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы жүрдү.

ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынан 3 унаа, 8 кызматкер тартылып, “Өтмөк” ашуусунда кар көчкүнү Куралдуу күчтөрүнүн артилериялык эсеби менен атууда 36003метр 3 көлөмдө көчкү түшүп, натыйжада бактыга жараша Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолуна кар көчкү жеткен жок.

Маалым болгондой Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайы иш-планына ылайык, өлкөнүн кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жолдорунда 13-19-январга чейин кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чарасы өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты