Өткөрүү жайларынан Өзбекстандын бир нече жараны жасалма документтер менен кармалды

  • 10 месяцев мурун

«Достук-автожол» жана «Маданият-автожол» өткөрүү жайларынын чек арачылары Өзбекстандын бир нече жаранын жарым-жартылай жасалма документтер менен кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Достук-автожол» КӨЖ 1992-жылы туулган Д.М. аттуу Өзбекстандын жараны паспорттук көзөмөл өтпөй туруп мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетинде кармалды.

Сурамжылоо учурунда өзбекстандык жарандын Кыргызстандын аймагында мыйзам чегинде жүрүү мөөнөтү өтүп кетип, Т.М.у. аттуу бир жаранга кайрылганында ал сый акы үчүн өткөрүү жайынан өткөрүп жиберүүгө сөз бергендигин билдирген. Жыйынтыгында эки мыйзам бузуучу тең кармалышкан.

Эртеси «Достук-автожол» КӨЖ чек арачылары мамлекеттик чек араны кесип өтүү аракетинде 2003-жылы туулган А.Б. аттуу Өзбекстандын жаранынын күн мөөрү жасалма болгонун аныкташкан.  

Өзбекстанга кайтып келүү укугун берген күбөлүгүндөгү жарым-жартылай жасалма бар Өзбекстандын 1975-жылы туулган П.Б.  аттуу жараны «Маданият-автожол» өткөрүү жайында кармалган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң бардык кармалган жарандар мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты