Өткөн жылы 207 миллиард сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

  • 2 года мурун

Былтыркы жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 миллиард 901,6 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген планды 3,7 миллиард сомго ашыгы менен аткарды. Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63,8 миллиард сомго көп.

Анын ичинде 156 миллиард 338,3 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729,4 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 миллиард 624,3 миллион сомго көп чогултулган (өсүү ыргагы 147,9%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 51 миллиард 563,3 миллион сомду түзүп, план 3 миллиард 18,3 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 13 миллиард 184,7 миллион сомго көп (өсүү ыргагы 134,4 пайыз)

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты