Өткөн жумага салыштырмалуу сасык тумоо менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйдү

  • 2 года мурун

Өткөн жумага салыштырмалуу сасык тумоо менен ооругандардын саны 1,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча жумалык мониторингдин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 49-жумасына карата республика боюнча 14 миң 78 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого (КРВИ-13993, сасык тумоо-85) кабылгандар катталган.

Өткөн жумага салыштырмалуу (48-жума 9324 учур, и.к. 139,3), курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын 1,5 эсеге көбөйгөндүгү байкалган. Жалпы бейтаптардын 68,7 пайызы 14 жашка чейинки балдар (9669 учур).

14-декабрга карата курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9788 учуру жана сасык тумоонун 21 учуру катталды, бул өткөн суткадагы көрсөткүчтөн 1,3 эсеге көп (13-декабрга карата КРВИ 7774 жана сасык тумоо -1).

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын учурлары туруксуз аба ырайы (муздак аба ырайы) менен шартталышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоңдор адамдар басып жүрүп өткөрөт, ал эми санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса, балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты