Өткүн өтөт: 14-августтун аба ырайы
- 1 год мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, 14-августка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36;
Талас жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.




