Өткөн аптада дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 3 пайызга азайган

  • 2 года мурун

Өткөн аптада дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 3 пайызга азайган. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жумалык маалыматына таянып, республикалык штабдан билдиришти.

25-апрелден 1-майга чейин, дүйнө жүзү боюнча инфекцияны жугузгандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 17 пайызга, каза болгондордун саны 3 пайызга азайган. Ошого карабастан, коронавирустун омикрон-штаммынын ар кандай түрлөрү аныкталган өлкөлөрдүн саны өсүүдө.

Ошондой эле, уюмдун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынан “ашыкча” адам өлүмү болжол менен 14,9 миллион адамды түздү. Башкача айтканда, бул оору менен түз же кыйыр байланышта каза болгондордун саны 13,3 миллиондон 16,6 миллионго чейин жетет. Маалыматтар 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил үчүн берилген. Эксперттердин айтымында, 2020-2021-жылдары өлүмдөр аялдарга (43 пайыз) караганда эркектер арасында (57 пайыз) көп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты