Тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөктүн окуясы боюнча дарыгер кармалды

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте тиш тазалатууга барып чарчап калган бөбөктүн окуясы боюнча 31 жаштагы медицина кызматкери кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, кармалган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча иш козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция билдиргендей, экспертизанын жыйынтыктары бөбөк «препараттарды колдонгондо өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон» улам чарчап калганын көрсөткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты