Тиш пасталарынын курамында титан диоксиди бар экени чындык. Бирок анын ден-соолукка зыян экени толук аныктала элек (Фактчекинг)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Кыргызстанда WhatsApp мессенджерин колдонгондор арасында тиш пастасында уу бар экендиги тууралуу маалымат активдүү тарап жатат.
Бул тууралуу орусиялык ИЗВЕСТИЯ IZ сайты 2019 жылы 11-апрель күнү маалымдаган.
“Француз окумуштуулары дээрлик ар бир тиш пастасында тишти дат кылуучу зат бар деген жыйынтыкка келишти. Эксперттердин айтымында, титандын диоксиди өлүмгө алып келет. Ал, мисалы, курулуш лагында жана эмалында кездешет. Диеталык кошумча катары краб таякчаларында, соя сүтүндө жана шоколадда болот. Боёкту колдонуунун негизги себеби — анын арзандыгы”, — деп айтылат видеодо.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Титан диоксиди деген эмне?
Титан диоксиди — бул тамак-ашты боёо үчүн колдонулчу күчтүү агартуучу химиялык зат. Тамак-аш кошулмаларынын эл аралык классификациясында титандын диоксидине TiO2 (тамак-аш кошулмасы E171) индекси ыйгарылган.
Титан диоксидинин зыяндуулугу буга чейин да кызуу талкууларга жол ачкан. Себеби, аталган зат бир гана тиш пастасында эмес, косметикалык каражаттарда, сагыз, шоколад жана башка күнүмдүк колдонулуучу заттардын курамында бар.
АКШнын Тамак-аш жана дары-дармекти көзөмөлдөө башкармалыгы титан диоксидинин өлчөмүнөн ашырбай колдонууга уруксат берген. Анткени титан диоксиди “төмөнкү токсикалык” заттардын катарына кирет.
Мындан сырткары, тиш пастасында титандын диоксидинин болушу буюмдун өзүнүн органолептикалык касиетине көбүрөөк жооп берет. Башкача айтканда, бул элемент пастанын даамына жана жытына таасир этпейт, болгону ага ак түс берет.
The Guardian басылмасы билдиргендей, жыл сайын 9 миллион тоннадан ашык TiO2 өндүрүлөт жана дүйнөлүк соода жылына 13 миллиард долларга бааланат. Дүйнө жүзү боюнча өндүрүлгөн пигменттердин үчтөн экисинде TiO2 элементи бар деп эсептелет.
Башкача айтканда, титан диоксиди күнүмдүк жашоодо колдонулган пасталарда гана эмес, көптөгөн тамак-аш азыктарында да кездешет.
Терс көз караштар жана изилдөөлөр
Титан диоксидинин күнүмдүк турмушта көп колдонулушу бул элементтин кошулмасы “рак, диабет сыяктуу ооруларды пайда кылат” деген көз караштын жайылышын шарттаган.
Мисалы, АКШдагы Техас университетинин окумуштуулары тиш пастасы менен косметикада кездешүүчү титандын диоксиди — Е171 кант диабетин пайда кылат деп айтышкан. Алардын изилдөөсү Chemical Research in Toxicology журналына жарыяланган. Бирок аталган эксперимент өтө аз -11 адамдын катышуусунда гана болгондуктан, дүйнөлүк стандарттагы изилдөө катары кароо мүмкүн эмес. Анткени изилдөөлөр чоң массаны камтышы керек.
Ал эми титан диоксидинин рак оорусун пайда кылуу ыктымалдуулугу абдан төмөн экендигин 2016-жылы Европанын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча органы (EFSA) билдирген.
Чынында, TiO2 коопсуздугу жөнүндө талаш-тартыштар 10 жылдан ашык убакыттан бери уланып келет. Ал эми тамак-аш боёгу бүгүнкү күнгө чейин дагы эле толук изилдене элек деп эсептелет.
Тиш пастасы жана мифтер
Керектөөчүлөрдүн арасында тиш пастасынын жогорку бөлүгүндөгү боелгон тилке анын курамындагы химикаттардын канчалык көп экенин көрсөтүп турат пикир бар.
Анда тиш пастасынын кабыгында көрсөтүлгөн түстөр төмөндөгүдөй чечмеленет деп айтылып келет:
— жашыл — бир гана табигый заттар бар;
— көк — дары ингредиенттердин бар экендигин билдирет;
— кара — бул толугу менен химиялык продукт экенин билдирет;
— кызыл — химия жана табигый ингредиенттердин айкалышы.
Бирок, COLGATE компаниясы бул маалыматты миф деп билдирген. Алар тиш пастасындагы түстөрдү коддоо үчүн эч кандай система жок экенин айтышкан.
Американын стоматологдор ассоциациянын (ADA) маалыматы боюнча, тиш пасталарынын көбү тиш тазалоочу абразивдер, ароматизаторлор, тиш пастасын жумшартуучу нымдагычтар жана тиш пастасын көбүктүрүү үчүн жуугучтар сыяктуу негизги ингредиенттерди камтыйт.
Башкача айтканда, тиш пастасынын сыртында көрсөтүлгөн түс анын курамы тууралуу маалыматты камтыбайт. Ал үчүн тиш пастасынын таңгагындагы элементтерди окуп көрүү эң жакшы жол экени айтылат.
Жыйынтык: Тиш пасталарынын курамында титан диоксиди бар экени чындык. Бирок ал адамдын ден-соолугуна канчалык зыян бере турганы толугу менен изилденген эмес.