ТИМ жарандарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай турууга чакырды

  • 2 недели мурун

Тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш аймагындагы курч кырдаалга байланыштуу Израилге, Иранга, Сирияга, Иракка, Ливанга жана Палестина аймактарына баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.

Ошол эле учурда элчиликтердин шашылыш телефондору бар, алар аркылуу аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш ала алышат: 

1. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги: +905456896800;
2. Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы элчилиги: +966583769945;
3. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги: +989352505226;
4. Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги элчилиги: +96525359951.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты