ТИМ өзбек жарандарынын Кыргызстанда жүрүү эрежелери тууралуу билдирүү таратты

  • 6 месяцев мурун

Расмий Бишкек чет элдиктердин, анын ичинде өзбекстандыктардын Кыргызстандын аймагында узак мөөнөттө жүрүү шарттары тууралуу билдирүү жарыялады.

Мунун алдында Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп түшкөн аялдар бир жылдык виза алууга милдеттендирилгени, ал үчүн күйөөсүнүн банк эсебинде 50 миң сом акча болушу зарылдыгы тууралуу маалымат чыккан. Айрым жарандар мунун чын-төгүнүн билип берүүнү өтүнүп «Азаттыкка» кайрылышкан.

25-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги туура эмес маалымат тарап жатканын айтып, банк эсепте 50 мин сом же башка сумма болушу керек деген шарт жоктугун белгиледи.

Мекеме «Туугандар визасы» деген категория менен жеңилдетилген шартта виза алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады. Ал үчүн төмөнкү документтер керек:

— Өзбекстандын жаранынын паспорту;

-Кыргыз жаранынын ID-картасы;

— туугандыгын тастыктаган документ (нике күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

— Кыргыз жаранынын арызы;

— иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкат же Кыргызстандын жаранынын материалдык абалы жөнүндө башка документ.

Буга чейин Өзбекстандан Кыргызстанга келин болуп түшкөн аялдар кыргыз жергесинде эки ай визасыз жүрүп, мөөнөтү бүткөндө кайра чек арадан кирип-чыгып, каттоосун узартып алышчу. Былтыр октябрда бул эреже жоюлуп, улам кирди-чыкты кылбай, узак мөөнөткө виза менен жүрүү эрежеси киргизилген.

Чек арага жакын айыл-кыштактарда жашаган жубайлардын бири Кыргызстандын, экинчиси коңшу өлкөнүн жараны болгон үй-бүлөлөр көп.

Өзбекстандык келиндер Кыргызстандагы никеси каттоого алынгандан кийин үч жыл туруктуу жашаса, жарандык алууга арыз тапшырса болот. Мындай эреже 2023-жылы кирген.

Жарандардын эки өлкөгө кирип-чыгышы тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга 60 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз, ID карт менен кирип чыга алышат. Беш күндөн ашык жүрө турган болсо, Кыргызстанда барган жеринде каттоого турушу керектигин ТИМдин Консулдук департаментинен «Азаттыкка» билдиришти.

Кошуна өлкөнүнүн жараны 60 күндөн ашкан учурда өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш жана жалпы жарандык паспорт менен жогоруда көрсөтүлгөн визаларды тариздөөсү керек. Андай болбогон учурда 120 күнгө чейин кайрадан Кыргызстанга кирүүгө укуксуз болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты