ТИМ: Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

  • 4 месяца мурун

Тайвандагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тайванда 3-апрелде эртең менен магнитудасы 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин маалыматы боюнча, Тайванда Кыргыз Республикасынын 60тан ашык жараны жашайт, алардын басымдуу бөлүгүн студенттер түзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты