ТИМ: «Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок»

  • 1 год мурун

Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргыз жараны А.Т. жабыр тарткан, ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул жарандын абалы канааттандырарлык, учурда ал ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы Кыргызстандын 10 жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан түрүндө жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилип, алар коопсуз жерге жайгаштырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты