ТИМ Судандагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды аталган өлкөгө барбай турууга чакырды

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Суданда армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн куралдуу кагылышынан улам кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу аталган өлкөгө барбай турууга чакырды.

Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын 7 жараны жүрөт, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет. ТИМ аларга аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга баруудан алыс болууну сунуштады.

Ошондой эле ТИМ бул маселени көзөмөлдөп жатканын билдирип, элчилик Суданда жүргөн Кыргызстандын жарандарын тактоо иштерин улантарын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты