ТИМ: Суданда атып түшүрүлгөн ИЛ-76 учагы Кыргызстандын реестринен чыгарылып, Суданда катталган

  • 22 часа мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Суданда атып түшүрүлгөн учак боюнча бүгүн, 22-октябрда, билдирүү жасады.

“Кыйраган учакта табылган эл аралык “Манас” аэропорту берген документ (таркетка)  Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкери, Орусиянын жараны В.Г га таандык болгон, ал “Манас” аэропортунун кызматкери эмес.  Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, EX-76011 номерлүү ИЛ-76 ТД учагы 2024-жылдын  12-январында Кыргыз Республикасынын жарандык учактарынын реестринен чыгарылып, Судан Республикасынын каттоодон өткөн.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясындагы элчилиги дипломатиялык каналдары боюнча маалыматтарды сурады. Алдын ала маалыматтар боюнча, атып түшүрүлгөн учакта Кыргыз Республикасынын жарандары болгон эмес. Бул маселе ТИМдин көзөмөлүндө” деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда учактын сыныктары тартылган видео тасма жарыяланды. Андагы учкучтардын документтерин дагы көрсөтүштү. Андагы учкучтардын документтеринин биринде “Манас” эл аралык аэропорту” деген жазуусу бар экени белгиленди.

Суданда атып түшүрүлгөн учакта табылган “Манас” эл аралык аэропорту берген документ Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго таандык болгон. Ал — Орусиянын жараны жана “Манас” аэропортунун кызматкери эмес экенин эл аралык «Манас» аэропорту билдирген.

“Суданда кулаган учакта табылган документ (тархетка) «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерине эмес, Airline Transport Incorporation» FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго таандык болгон. Ал Орусиянын жараны жана 2024-жылы май айында АН-12 учагын “Манас” аэропортунан “Ош” аэропортуна жеткирүү үчүн чакырылган учкуч болгон, бирок ал учакты айдап барган эмес, себеби анын колу бошогон эмес. Тархетка ага май айында пландалган бортту айдап баруу үчүн берилген. Андай тархетканы “Манас” аэропорту өзүнүн кызматкерлерине гана эмес, келишимдин негизинде аэропорт менен кызматташкан учкучтардын баарына жумушчу милдеттерин аткаруучу үчүн берилет. Атып түшүрүлгөн, борт номери  «EX 76 011» учагы “Рим стайл” Эмират компаниясына таандык болгон. Андан кийин 2024-жылы ал учак New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясын сатылып кеткен, Оштогу «Airline Transport Incorporation» FZC  компаниясына тиешеси жок. «New Way Cargo Airlines» компаниясы Кыргызстанда катталган, анын жүк ташуу сертификаты 2025-жылдын 16-июнуна чейин жарактуу” деп билдирди «Манас» эл аралык аэропорту.  

Орусиянын элчилиги Суданда атып түшүрүлгөн учакта орус учкучтары болгон деген божомолун билдирди.

Сүрөттө: Суданда кулаган учак. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты