ТИМ: Сентябрда 91 миң кыргызстандык Орусиядан депортацияланышы мүмкүн
- 11 месяцев мурун
Орусияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестринде 91 миң кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысы Алмазбек Байбосов маалымат жыйынында билдирди.
Реестр иштей баштаганда алгач Кыргызстандын 70 миң жараны киргизилген. Июль айында анын саны 103 миңге чейин жогорулап, кийин 91 миң адам калган.
Калганы документтерин тууралап, укуктук абалын мыйзамдаштырып алышкан.
Жыл башынан бери Орусиядан 3748 кыргызстандык чыгарылып, дагы 292си депортация болгон.
2025-жылдын биринчи кварталынын соңуна карата Орусияда расмий түрдө 352 миң кыргызстандык катталган.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин Кыргызстандын жарандары Орусияда жүргөнүн мыйзамдаштыра алышат.
Муну бөлүшүү




