ТИМ: Мирзиёев Кыргызстанга жакынкы арада келет

  • 2 года мурун
ТИМ: Мирзиёев Кыргызстанга жакынкы арада келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен жакынкы күндөрү келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

“Эң жакынкы арада бул сапарды уюштурабыз деп ойлойм. Азыр конкреттүү даталар боюнча иш жүрүп жатат, бирок азырынча биз аны айта албайбыз. Бирок иш жүрүүдө. Эң жакынкы арада болот”, — деди Кулубаев.

Ал мамлекеттик сапарды талкуулоо өткөн жылдын ноябрында Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргызстанга болгон расмий сапарынан кийин башталганын кошумчалады.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкек сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болору пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты