ТИМ Кытай жарандарынын жүрүү тартибин эске салды
- 7 месяцев мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жарандарына визалык режим толук кандуу колдонуларын маалымдады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Кытай жарандары Кыргызстанга кирүү, жүрүү жана өлкөдөн чыгуу үчүн компетенттүү органдар тарабынан берилген жарактуу визага ээ болушу керек.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандар визада же башка уруксат берүүчү документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү так сактоого милдеттүү. Ошондой эле Кыргызстандын визасын алуу үчүн өлкө аймагында катталган юридикалык жактын расмий кайрылуусу талап кылынат.
Муну бөлүшүү




