ТИМ: Кыргызстан Москвадагы кандуу кол салууну кескин айыптайт

  • 4 месяца мурун

Кыргызстан Москвадагы «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы кандуу кол салууну кескин айыптады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Терроризм жана анын бардык түрлөрү эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана ыйык Орозо айында жасалган бул адамгерчиликсиз теракттан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, министрлик кыргыз жарандарын Москавадагы эл көп чогулган жерлерге барбай турууга үндөдү.

22-мартта Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында ок атуу болду. 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда 40 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты