ТИМ: Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарат. Консот өлүм жазасын киргизүү мүмкүн эместигин белгиледи
- 8 месяцев мурун
Тышкы иштер министрлиги Констититуциялык соттун өлүм жазасын киргизүүгө Конституция боюнча мүмкүн эместиги тууралуу корутундусун белгилеп, Кыргызстан укуктук мамлекет катары мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берери боюнча билдирүү таратты.
-2025-жылдын 10-декабрында Конституциялык жана эл аралык-укуктук аргументтердин жыйындысынын негизинде, Конституциялык сот өлүм жазасын калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди. Демек, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана бул демилгени ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга тийиш.
«Кыргызстан укуктук мамлекет катары мындан ары да өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен аткара берет. Ошол эле учурда, бул милдеттенмелердин алкагында балдарга жана аялдарга каршы кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер улантылат» деп айтылат ТИМ билдирүүсүндө.
Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.
Бул тууралуу Конституциялык сот 10-декабрда президенттин “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбооруна корутундусунда билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




