ТИМ кыргыз жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Тажикстанга ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Анткени тажик тарап Тажикстанга расмий билдирүүсүз кирүүнү чектөөнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропортко келген учурда, чек ара көзөмөлүнүн өкүлдөрү кыргыз жарандарын киргизбей коюуда. Мындай жагдайда авиабилеттерди сатып алууга жана транзиттик зонада кайтып келүүчү каттамды күтүүгө байланыштуу кошумча финансылык чыгымдар пайда болот.

Тажикстанга кирүү жана чыгуу боюнча керектүү маалыматты жана консультацияларды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин ишеним телефондоруна жана Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилигине төмөнкү номерлер боюнча кайрылсаңыздар болот:

+996 999 312-002 — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти (Бишкек шаары);

+992887782223 — Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилиги (Дүйшөмбү шаары).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты