ТИМ: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө позитивдүү жылыш бар

  • 1 год мурун

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө былтыр жыл соңунда позитивдүү бурулуш болгонун 18-январда «Биринчи радионун» түз эфирине сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабарлады.

Министр ортодогу мамиле жакшы жакка бурула баштаганын белгилеп, сүйлөшүүлөр быйыл да активдүү уланарына ишенимин билдирди:

«Тажикстан менен мамилелерибизде бир топ татаал мезгил болду. Сентябрдагы агрессия… Андан кийин биз узак бою жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Азыр абал бир аз жакшыра баштады. Тарыхтан калган чек ара сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарыш керек деген өз ара түшүнүү тажик жакта да, биз жакта да бар. Эң негизгиси – чек ара тилкесинде тынчтык жана ишеним орнотуу. Былтыр жыл аягында жакшы, позитивдүү жакка жыла баштадык, быйыл бул маселе активдүү уланат деген ойдомун».

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин бири айыптаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты