ТИМ Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынды деген маалыматты төгүндөдү

  • 6 месяцев мурун

Тышкы иштер министрлиги Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн таануу боюнча маалымат таратты.

«Кыргызстан жана Казакстан 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналышат. Ага ылайык, Конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.

Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автомобиль инспекциясынын) кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда. Алар ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат.

Өз кезегинде, министрлик казак тарапка Казакстандын Ички иштер министрлигинин алыскы жайгашкан тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн аныктыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирген. Тийиштүү биргелешкен чара көрүү үчүн мындай ар бир окуя тууралуу маалымдоо тууралуу өтүнүчүн билдирген.

Министрлик жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Казакстанстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылган», — деп жазылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Казакстанда жашап жаткан кыргызстандыктарга ал өлкөдө кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдонууга тыюу салынып, Казакстандын күбөлүгүн алуу милдеттендирилип жатканын” айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты