ТИМ Иран менен Израил кырдаалы боюнча расмий билдирүү таратты
- 4 месяца мурун
КРнын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагында, анын ичинде Иран айланасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу расмий билдирүү таратты.
Билдирүүдө Кыргызстан, аймактагы чыңалуунун күчөшүнө олуттуу тынчсыздануусун билдирип, абалдын мындан ары курчуп кетишине жол бербөө зарылдыгын белгиледи. Өлкө БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык маселени тынч жол менен жөнгө салуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин консолидациялоону колдойт.
ТИМ тараптарды, анын ичинде жаңжалга катышкан өлкөлөрдү сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотууга жана кырдаалды конструктивдүү диалог аркылуу, жалаң тынч ыкмалар менен чечүүгө багытталган бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө үндөдү.
Муну бөлүшүү




