ТИМ: «Индия, Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет»

  • 9 месяцев мурун

Кыргызстан Индиянын, Кытайдын айрым жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда Индия жана Кытай жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет.

«АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлери болгон Индия жана Кытай жарандары, өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу менен 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган.

Кытайдын Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн кайтарылуучу авиабилет болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет, мында Кыргыз Республикасынан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет.

Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталган», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты