ТИМ Германияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык  туураалуу билдирүү жасады

  • 2 года мурун

Тышкы иштер министрлиги Германияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык  туураалуу билдирүү жасады.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, жабырлануучу Германияга убактылуу жайкы «Ferien Job» программасы аркылуу барган. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Кыргызстандын Германиядагы элчиси жабырланган кыз менен жолукту.

Сапар учурунда жумуш берүүчү, полиция,  медициналык мекеме жана Германиянын Ганновер шаарына «Ferien Job» программасы аркылуу келген башка кыргызстандык студенттер менен да сүйлөшүүлөр болду.

Жабырлануучу жана күбөлөр билдиргендей, кырсык жолду өтүүгө мүмкүн болбогон жерден өтүп бараткан учурда болгон.

Врачтардын билдирүүсү боюнча жабырлануучунун абалы туруктуу.

Элчилик  кызга медициналык жардам көрсөтүү, компенсация төлөө жана Кыргызстанга билетин жумуш берүүчү алып берүү маселелери каралып жаткандыгын билдирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты