ТИМ: Алматыдан жаракат алган жаран реабилитация үчүн Бишкекке жеткирилди
- 1 год мурун
2024-жылдын декабрь айында Алматы шаарында Кыргызстандын жаранына кол салуу боюнча маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
8-декабрь күнү Р.А.М. аттуу жаран оор жаракат алып, Алматыдагы ооруканага жеткирилген. Окуядан кийин Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу жабырлануучуга тез арада юридикалык жана консулдук жардам көрсөткөн.
Консулдуктун өкүлдөрү укук коргоо жана медицина кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, кыргыз диаспорасынын көмөгү менен бардык керектүү колдоо көрсөтүлгөн.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы аркылуу жабырлануучу дарыгерлердин коштоосунда Бишкектеги ооруканага жеткирилген. Алматыда тез жардам жана стационардык дарылоодон кийин ал мындан аркы реабилитация үчүн Бишкекке которулган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаган. Иш азыр сотко өткөрүлүп, биринчи отурум 2025-жылдын 30-майына белгиленген. Ага Кыргызстандын Башкы консулдугунун өкүлдөрү да катышат.
Башкы консулдук жабырлануучу жаранга укуктук жана консулдук жардам көрсөтүүнү улантат.




