ТИМ Алматыдагы базарда иштеген кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүгө тийиштүү чара көрүлүп жатканын билдирди

  • 5 месяцев мурун

Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы базарда иштеген кыргызстандыктардын көйгөйүн чечүүгө тийиштүү чара көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«14-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тарабынан көтөрүлгөн “Алтын Орда” базарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кыргызстандык ишкерлердин айланасындагы маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

Ишкер — Кыргыз Республикасынын жарандарынын алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү жөнүндө келип түшкөн жамааттык арызына Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан тийиштүү чара көрүлүүдө.

Башкы консулдук Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөттү. Жакынкы күндөрү “Алтын Ордо” соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылууда.

Учурда казакстан тарап, бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат.

Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстан Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди», — деп жазылат маалыматта.

Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты