ТИМ 2025-жылдан тарта Орусияда киргизиле турган миграциялык мыйзамдар тууралуу эскертти
- 2 года мурун
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз мигранттарын 2025-жылы күчүнө кире турган, чет элдик жарандарга көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган Орусиянын мыйзамдарындагы маанилүү өзгөрүүлөргө дагы бир жолу көңүл бурууга чакырды.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн бир календардык жыл ичинде 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартууга багытталган өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Алар Россиянын аймагында жүргөн, бирок тиешелүү уруксат документтери жок (убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим) чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.
«2025-жылдын 5-февралында Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирет. Ал — Орусиянын аймагында жүргөн бирок ал жерде болууга (жашоого) мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктерди өлкөнүн аймагынан чыгаруу режими. Орусиянын ички иштер органдарына (ред. полиция) соттор менен бирге чет өлкөлүк жарандарга карата айрым укук бузууларды жасагандыгы үчүн Орусиянын аймагынан чыгаруу түрүндөгү административдик жаза колдонуу укуктары берилет», — деп айтылат маалыматта.
Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болгондуктан, ТИМ кыргыз жарандарын Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы маанилүү өзгөртүүлөр менен таанышууга жана Россиянын компетенттүү органдарына тез арада кайрылып өзүлөрүнүн укуктук абалын мыйзамга ылайыктап алууга чакырды.
Орусияда күчүнө кире турган миграциялык мыйзамдар тууралуу бул шилтемеден окуңуз.
Сүрөт: интернет булактары




