“Тилекке каршы максатыбызга жеткен жокпуз”. Равшан Жээнбеков ачкачылыкты токтотконун жарыялады
- 1 month мурун
Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков ачкачылыкты токтоткону боюнча каты Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
“Мен 27-декабрдан тарта ачкачылык акциясын токтоттум. Акцияны күнөөсүз айымдарды түрмөдөн бошотуу талабы менен баштаган элем. Тилекке каршы максатыбызга жеткен жокпуз. Кемпир-Абад маселеси бат эле өлкөдө кимдин ким экенин көргөзөт. Тарых баарын ордуна коёт. Мен жеке эркин, демократиялуу өлкө, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүмдү уланта берем”, – деп жазды Жээнбеков.
Муну бөлүшүү