Тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынды

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Манас проспектисинде мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Иштин жүрүшүндө өз билемдик менен орнотулган жана тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынды. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган шлагбаум жана башка жарнак объектилери демонтаждалды», — деп жазылат маалыматта.

Тил талаптарына жооп бербеген «Bellagio Coffee» кафесинин жарнамалык бастырмалары алынды
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты