Тез жардам унааларын сатып алууга 169 миллион сом бөлүндү

  • 2 года мурун

Тез жардам унааларын сатып алууга 169,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Кабыл алынган чечимге ылайык, Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине тез жардам унааларын сатып алууга 169 миллион 347 миң 500 сом акча каражатын бөлүп берген.

Бул бюджеттик каражаттар «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты