«Texaco Lubricants» Борбор Азия өлкөлөрүндө ишин кеӊейтет

  • 1 год мурун

«Texaco Lubricants» компаниясы «Шеврон» компаниясынын эл аралык технологиялык тажрыйбасына таянуу менен Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанда ишин кеӊейткени жатканын жарыялады.

«Chevron Europe Finished Lubricants» ишканасынын генералдык директору  Пэт МакКлауд мындай деди:

“Бүгүндөн баштап биз Борбор Азия менен кызыктуу кызматташууга кадам коёбуз, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга биздин өзгөчө сапаттагы майлоочу  материалдарыбыздын ассортиментин сунуштайбыз. Энергетикалык тармактын лидерлеринин бири катары биз унаалардын жана жабдуулардын натыйжалуулугун жогорулатууда жана өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүүдө майлоочу материалдардын маанилүү ролун жакшы билебиз” деди.

«Havoline®», «Delo®», «HDAX®», «VARTECH®» жана «Techron®» бренди менен белгилүү болгон мыкты эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү бар «Texaco» автомобилдик жана өнөр жайда колдонуучу майлоочу материалдардын бардык ассортименти жеткиликтүү болот. Ага мотор майлары, трансмиссиялык суюктуктар жана майлар, консистенттик майлар, гидравликалык суюктуктар, газ менен иштеген кыймылдаткычтардын майлары, кагаз чыгаруучу машиналардын жана турбиналардын майлары кирет.

Дүйнө жүзүндөгү мунай ишканаларынын арасынан төртүнчү орунда турган, 40 өлкөдө иш алып барган, 13 776 коммерциялык объектиси, кол алдында 10 587 кызматкери бар «Шеврон» компаниясынын бренддеринин бири — «Texaco». Бул компаниянын продукциясы 150 мамлекетте сатылууда. «Шеврон» компаниясы дүйнө жүзү боюнча премиум-класстагы базалык майларды чыгарган ири ишкана катары таанымал, ал эми  «Texaco Lubricants» өнөр жай циклын толугу менен камсыздаган продукциянын бардык түрү менен камсыздаган өз алдынча иш жүргүзгөн өндүрүүчү  болуп эсептелет.  Андан сырткары, компания кошумча (additives) иштеп чыгуу жана өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 ишкананын катарына кирген, 25 завод менен химреагенттерди аралаштырып иштеген, даяр майлоочу материалдар менен камсыздаган дүйнөлүк камсыздоочу.   

Бельгиядагы Гент шаарында жайгашкан регионалдык технологиялык борбор муздатуучу суюктуктардын продукциялары үчүн технология иштеп чыгуу борбору болуп саналат жана оригиналдуу жабдууларды өндүрүүчүлөргө жана «Texaco» компаниясынын майлоочу материалдарынын бардык ассортиментин пайдалануучуларга жергиликтүү техникалык колдоо көрсөтүүнү сунуштайт.

«Texaco» жеңил унаалар үчүн мотор майларын, антифриздерди, трансмиссиялык суюктуктарды, майларды, «Havoline» маркасындагы микроавтобустарды жана жеңил коммерциялык транспортторун жана жардамчы мунай продукцияларын чыгарат. Кошумчалай кетсек, «Texaco» күйүүчү системасынын тазалагычы, жеңил унаалар үчүн «Texaco» продукциясынын ассортименти ар бир сапарда жогорку эксплуатациялык сапатты камсыздоого жардам берүү максатында иштелип чыгарылган.

Коммерциялык автомобилдердин дизелдик кыймылдаткычы үчүн жогорку өндүрүмдүү майлар, муздатуучу суюктуктар, трансмиссиялык суюктуктар,  трансмиссиялык  майлар, консистенттик майлар жана гидравликалык суюктуктар, ошону менен катар кошумча каражаттар рынокко «Texaco Delo» деген соода маркасы менен сунушталган. Мындай алдыңкы мунай продукциялары күйүүчү майды үнөмдөөгө, ошону менен бирге эле кыймылдаткычтын жабдуусун коргоо жана техникалык  тейлөөсүнө кеткен чыгымдарды азайтууга көмөкчү болот.  

«Texaco Lubricants» маркасынын «HDAX» газ кыймылдаткычтарына арналган технологиялык майларынын алдыңкы партиясы бир нече милдетти аткаруу үчүн иштелип чыгарылган. Газ кыймылдаткычы үчүн май чыгаруу жана иштеп чыгуудагы 50 жылдан ашык тажрыйбасына таянып жасалган «HDAX» продукциялары жабдууларды тейлөөнү башкарууда кардарлардын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган жана эксплуатациялык натыйжалуулукту, ошондой эле өндүрүмдүүлүктү жакшыртууга эсептелинген.

«Havoline» унаа продукциясы, дизель кыймылдаткычына чыгарылган «Delo» майы, газ кыймылдаткычына чыгарылган «HDAX» майы, «Techron» күйүүчү май системасынын тазалоочусу же  «Texaco» компаниясынын муздаткыч суюктунун, гидравликалык майлардын, трансмиссиондук суюктуктардын, трансмиссиондук майлардын же консистенттик майлагычтардын кайсынысы гана болбосун  «Texaco»  ишканасынын карамагында бардык өндүрүш маселелерин чечүүнүн  натыйжалуу жолдору бар.

 «Шеврон» компаниясы жөнүндө

 «Шеврон» компаниясы дүйнөдөгү эң алдыңкы комплекстүү энергетикалык ишканаларынын бири болуп саналат. Биз адамзаттын өнүгүүсү үчүн жеткиликтүү, ишенимдүү жана таза энергия зарыл деп эсептейбиз. «Шеврон» компаниясы чийки мунайды жана жаратылыш газын колдонуу менен транспорт күйүүчү майын, майлоочу материалдарды, мунай химиялык продуктыларын жана кошумдарды өндүрүп, андан сырткары, ишкердикти жана өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү технологияларды иштеп чыгат. Биз салттуу мунай жана газ секторун өнүктүрүүнүн, өнөр жайдын көмүртек интенсивдүүлүгүн азайтуунун, күйүүчү майдын, суутектин кайра жаралуучу түрлөрү тармагындагы ишкердиктин жаңы төмөнкү көмүртектүү багыттарын, көмүртекти алууну өнүктүрүүнүн жана жаңы технологияларды өнүктүрүү бөлүгүндө кошумча имараттарды куруунун аракетиндебиз. «Шеврон» компаниясы жөнүндө кошумча маалыматтарды www.chevron.com сайтынан таба аласыздар. «Шеврон» ишканасынын мурасы өтө бай  жана ал Европа аймагында 100 жылдан ашык тажрыйбага ээ. «Texaco®» маркасынын алдында майлоочу материалдарды чыгарабыз. Алдыңкы технологиялардын аркасы менен «Texaco» маркасынын майлоочу материалдары – дүйнө жүзүндөгү бардык айдоочуларга жана мекемелерге ылайыкташкан «Havoline®», «Delo®», «HDAX®», «VARTECH®» жана «Techron®» бренддери астында жеңил унаалардын мотор майларынын, жүк ташуучу унаалардын дизелдик оор кыймылдаткычынын майларынын, антифриздердин өтө бай ассортименти менен мекемелердин жогорку деңгээлдеги технологиялуулугун камсыздап турабыз. Кошумча маалыматтарды https://www.texacolubricants.com веб-сайтынан алсаңыздар болот. Байланыш номуру:    Наталья Лаухина +7 777 262 7078               [email protected]

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты