Тергөө жүргүзүү боюнча өзүнчө департамент түзүлүшү мүмкүн

  • 1 год мурун

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев жылдык отчётун берип жатат.

Депутат Жанарбек Акаев тергөөнү Башкы прокуратурадан алуу боюнча Зулушевдин позициясын сурады.

Зулушев эч нерсе ачык жарыяланбагандыктан так маалымат бере албай турганын билдирди.

«Башкы прокуратурадан тергөөнү алып, эки укук коргоо органына берүү же өзүнчө Тергөө департаментин түзүү боюнча сунуштар, иштер жүрүп жатат. Ал боюнча өлкө башчысы кандай чечим кабыл алса, биз реформага муктажбыз, ошол боюнча оюбузду айтып, анан аракеттенсек болот да. бүгүн иш-аракеттер, эч нерсе ачык жарыяланбагандыктан мен сизге так маалымат бере албайм», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты