Тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков Дайырбек Орунбековго жооп берди
- 19 часов мурун
“Социал-демократтар” партиясынын тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков президенттин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековго социалдык тармактар аркылуу жооп берди.
«Биринчиден, административдик ресурс болгон жок дейсиз. Партиялардын тизмесин ачсаңыз, анда бүт эле мектеп директорлору, жергиликтүү аймактык башкаруунун башчылары ж.б. жүрөт. Сиз эмне, Айдан түштүңүзбү?
Экинчиден, добуш сатып алуу боюнча: Бардык жерде тинтүү болду, миллиондор табылат дешти, ал жерде 7 кишиден 28 миң сом табышты, 48 кишиден турган агитаторлорду табышты, алардын баарына келишим боюнча шайлоо фондунан акча төлөнүп берилди же төлөнүп берилмек.
Бардык далил Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнө негизделип жатат, анда Карамушкина Назар Ниязовго 15 миң сом берилди деди. БШКнын сайтын ачсаңыз, Назар Ниязов расмий түрдө, банк жана шайлоо фондусу аркылуу 15 миң сом алганы көрүнүп турат» деди абактан жазган катында Темирлан Султанбеков.
Буга чейин президенттин басма өз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «Социал-демократтар» партиясы добуш сатып алууга шектелип жатканын жазган.
«Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан социал-демократтар партиясы добуш сатып алууга шектелип, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан партия шайлоого катышуудан четтетилди. Албетте бул партияда тажрыйбасы көп саясатчылар бар. Алар манипуляция кылып, “бизге саясий куугунтук болууда” деген аргументтерди келтирүүгө аракет кылышат. Бирок күнөөлү жана себепкер өздөрү, ал мыйзам бузуу, добуш сатып алууга болгон аракетинин натыйжасы» деген Орунбеков.
14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-демократтар” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген.