«Теплые ключи» комплекси «Электр станцияларына» 15 жылга убактылуу пайдаланууга берилди

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мындай чечим «Теплые ключи» комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоочу комплекси 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реаблитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо үчүн курулган.

Комплексти тейлөө «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлүп келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты