«Теплые ключи» дарылоо комплекси эс алуучуларды кабыл алууга даяр  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды.

Чүй облусунда жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекси энергетика тармагынын кызматкерлери үчүн ишке киргизилген.

Аталган комплекс узак жылдар бою оңдолгон эмес.

2023-жылдын 31-январында дарылоо-ден соолук чыңдоо комплекси президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилген. Ушундан соң курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган.

Президент дарылоо-ден соолук чыңдоо комплексин кыдыруу учурунда санаторийдин 6 айдын ичинде коттедждер оңдолуп, калыбына келтирилгенин көрүп чыкты.  

Комплекстин экинчи бөлүгүнөн мамлекет башчы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышты.

«Теплые ключи» санаторийи кыргызстандыктарды да, туристтерди да ден соолугун чыңдоо жана эс алуу үчүн кабыл алууга даяр.

«Теплые ключи» дарылоо комплекси эс алуучуларды кабыл алууга даяр  
«Теплые ключи» дарылоо комплекси эс алуучуларды кабыл алууга даяр  
«Теплые ключи» дарылоо комплекси эс алуучуларды кабыл алууга даяр  
«Теплые ключи» дарылоо комплекси эс алуучуларды кабыл алууга даяр  
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты