«Темиров Лайвдын» оператору Орозбеков эч чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду

  • 2 месяца мурун

«Темиров Лайвдын» оператору Акыл Орозбеков эч чыкпоо тил каты менен камактан бошотулду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

16-январдын таңында “Temirov Live”, “Айт Айт Десе”, “ПолитКлиника”, “Арча Медиа” редакцияларынын кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына суракка алып келинген. ИИМ кармалган 11 медиа кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин  278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелип жатканын билдирген. 
Милициянын маалыматында атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери бар” деп аныкталганы айтылат.
17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналист жана медиа кызматкерлерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Алар:

«Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун директору, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы;
«Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Айке Бейшекеева, Сапарбек Акунбеков, Азамат Ишенбеков;

Аталган редакциянын мурдагы кызматкери, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов,

Редакциянын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев;

Редакциянын мурдагы журналисти, азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров;

Редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев;

Редакциянын мурдагы кызматкери, учурда “ПолитКлиника” медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты