“Темиров Лайвдын” мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев камакта калтырылды
- 8 месяцев мурун
Бишкек шаардык соту “Темиров Лайвдын” мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевдин баш коргоо чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Жумабек Турдалиев 16-январда “Темиров Лайвдын” мурдагы жана азыркы кызматкерлери менен бирге «массалык башаламандыкка чакырык жасоого» шектелип кармалган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-январда жапырт кармалган 11 журналистти эки айга тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган.
Муну бөлүшүү