«Темиров лайв» долбоорунун журналисти Айке Бейшекеева жаштар арасындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болду  

  • 1 неделя мурун

«Темиров лайв» жана «Айт-айт-десе» долбоорлорунун журналисти Айке Бейшекеева укук жана эркиндикти коргоодо эр жүрөктүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн жаштар арасындагы эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгына татыктуу болду. Сыйлык ыйгаруу Прага шаарында өттү.

Айке Бейшекеева «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеген эң жаш журналист. Ал факт-чекинг боюнча адистешкен. Айке Бейшекеева тогуз айдан бери камакта жатат.

Айке Бейшекеева «Темиров лайв» жана «Айт-айт-десе» долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин арасында камакка алынган. Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камалган 11 журналисттин арасынан төртөөнү тогуз айдан бери камакта кармоодо. Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

"Темиров лайв" долбоорунун журналисти Айке Бейшекеева жаштар арасындагы эл аралык сыйлыкка татыктуу болду  

Сүрөттөр: Болот Темировдун Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты