Темирлан Султанбеков жана башкалардын камак мөөнөтү узартылды
- 3 месяца мурун
Кечээ, 13-мартта сот Темирлан Султанбековдун, Эрмек Эрматовдун жана башка айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн 2026-жылдын 17-майына чейин узартты.
Маалыматка караганда, төрт айдан бери тергөө жүрүп жатканына карабастан, айыпталуучулар менен бир да тергөө аракеттери жүргүзүлгөн эмес. Тергөө органдары сотто бир катар экспертизаларды дайындоону гана пландап жатканын билдиришкен.
Ошол эле учурда коргоо тарабы сот камак чарасын узартуунун негиздүүлүгүнө баа бербей, алардын жүйөлөрүнө жооп берилбегенин айтууда. Мындан тышкары, Темирлан Султанбеков тергөөнүн аракетсиздигине байланыштуу үч арыз берген. Бирок үч жума өтсө да бул арыздар азырынча сотко жете элек.
Сот чечимдеринде «тергөө иштерине тоскоолдук кылышы мүмкүн» деген негиз келтирилгени менен, бул жүйөнү тастыктаган далилдер иш материалдарында жок экени белгиленүүдө.




