Темирлан Султанбеков тергөө учурунда эс-учун жоготту
- 2 года мурун
«Социал-демократтар» партиясынын лидери, камакта 72 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан Темирлан Султанбеков 24-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында тергөө учурунда эс-учун жоготту. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, видеосун жарыялады.
Кадырбек Атамбаевдин айтымында, Султанбеков жыгылгандан кийин тез жардам чакырылтылган.
«Темирлан Султанбеков эсине келгенден кийин эле биринчи: “Үйгө кетким келет. Мени СИЗОго алып баргыла”,- деди. Анын ачкачылык акциясы жеке өзүнө да, партиялаштарына да жасалып жаткан мыйзамсыздыкка, өзүм билемдикке каршы багытталганын эскертебиз»,- деп билдирди ал.
Эске салсак, 2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган.
Сүрөт: интернет булактары




