Темир жол вокзалына кезектеги туристтик поезд келди

  • 10 месяцев мурун

Темир жол вокзалына кезектеги туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда Бишкекте жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетине Америкадан жана Европадан туристтер келди. Конокторду кыргыз улуттук күүнүн коштоосу менен уюштуруучулар жана ишкананын кызматкерлери тосуп алышты. «Аталган турду германиялык «Лернидее Эрлебнисрайзен ГмбХ» компаниясы уюштуруп келет, программа ар дайым кызыктуу — туристтер өлкөбүздүн тарыхый мурастары менен таанышып, кооз жерлерибизди кыдырат.

Жалпысынан поезд менен 62 турист келди. Кыргызстанга ушуну менен 4-туристтик поезд келип жатат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты