Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрага болуп шайланды

  • 2 года мурун

Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрага болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн аптада палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен үчөөнү жактырган.

Алар: «Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунун башкы директорунун инвестициялык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, экс-премьер-министр Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директордун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана «Шумкар логистик компани» ишканасынын башкы директору Авазбек Керимбаев.

Бүгүн Жодар Сайдилканов жана Авазбек Керимбаев талапкерлигин алып салган. Мындан улам Темир Сариев жалгыз гана талапкер болгондуктан добуш берүү ачык өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты