Телеграм каналы аркылуу «5 күндө айдоочулук күбөлүк алып беребиз» дегендер ишин улантып жатышат

Эки ай мурун маалымат каражаттарында телеграм каналы аркылуу айдоочулук күбөлүктөр сатылып жатканы боюнча маалыматтар чыккан. Анда күбөлүк сатып алган бир нече адамдын сүрөттөрү жарнама катары жарыяланган. Телеграм каналы Prava_kg деп аталчу. Бул маалымат социалдык тармактарга кеңири тараган соң каналдын аты “111111111” деп өзгөртүлүп, болгон маалыматтарды өчүргөн. Эми кайрадан каналдын аты PRAVA_KG деп өзгөртүлүп, ишин улантып баштады.

Телеграм каналы аркылуу "5 күндө айдоочулук күбөлүк алып беребиз" дегендер ишин улантып жатышат

Бир айга жетпей ишин кайра жанданткан телеграм каналы тууралуу

“ПолитКлиника” медиасы бул боюнча видео материал жасаган. Телеграм каналында байланышуу үчүн topdarknet.kg баракчасы көрсөтүлгөн. Алар менен байланышсак Мамлекеттик каттоо кызматы менен байланыштары бар экенин билдиришкен. Экзаменди алардын балдары тапшырып берише турганын дагы айтышкан. Мындан улам төлөнө турганын сумманын жарымын алар айткан номерге бирдик катары салууну талап кылышкан. Бул маалыматты текшерүү үчүн “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев менен баарлашканбыз. Ал телеграм каналда жарыяланган маалыматтарды алдамчылар таратып жатканын айтып, аларга ишенбөөгө чакырган. Ошону менен катар эле чара көрүлө турганын билдирген. Биз ага чара көрүү үчүн жогорудагы номерди дагы бергенбиз. Телеграм каналда жарыяланган айдоочулук күбөлүктөрдү текшерип көрсөк чындыгында бар болуп чыккан. Бирок алар “биз алып бердик” деп жарыялап жаткан айдоочулук күбөлүктөр 2018-жылы алынган. 

Телеграм каналы аркылуу "5 күндө айдоочулук күбөлүк алып беребиз" дегендер ишин улантып жатышат

Азыркы учурда ал телеграм канал кандай иш алып барууда?

Телеграм каналы аркылуу "5 күндө айдоочулук күбөлүк алып беребиз" дегендер ишин улантып жатышат

Бул телеграм каналында айдоочулук күбөлүктөрдүн сүрөттөрү жарыяланган. Ал жактан күбөлүк алуунун бааларын көрүүгө болот. Жогорудагы күбөлүктүн алуу мөөнөтү 2021-жыл деп турат. Текшерип көрсөк мындай күбөлүк жок болуп чыкты.

Телеграм каналы аркылуу "5 күндө айдоочулук күбөлүк алып беребиз" дегендер ишин улантып жатышат

Эми төмөндөгү айдоочулук күбөлүлүктү текшерип көрөлү.

Телеграм каналы аркылуу "5 күндө айдоочулук күбөлүк алып беребиз" дегендер ишин улантып жатышат

Бул айдоочулук күбөлүк чындыгында бар болуп чыкты. Алар азыр алып бердик деп көрсөтүлгөн күбөлүктүн 2018-жылы алынган. 

Жыйынтык: 5 күндө айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убада кылган PRAVA_KG телеграм каналы 4 жыл мурун алынган же такыр эле жок күбөлүктөрдүн сүрөттөрүн жарыялашкан. Бул каналга карата чара көрүүнү убада кылган “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакытбек Шералиев бүгүн, 11-июль иш күнү болбогондуктан суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартты. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты