Текебаев: Кечээ бир чиновник айткан сандар чыгып жатат

  • 3 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев BBC кыргыз кызматына берген маегинде шайлоонун жыйынтыктары бир чиновниктин айткан сандары менен дал келип жатканын билдирди.

«Жыйынтыгын сөзсүз түрдө адистерди таап текшерип көрүш керек. Кызыгы, кечээ бир чиновник бир журналистке ушул цифраларды айткан. Анан кечинде мага журналсит байланышып, «жыйынтыгы ушундай болот экен» деп айткан. Так ошондой чыкты. Бийлик партияларынын көрсөткүчтөрү эки эсе көтөрүлүп, оопозициялык партиялардыкы азайды», — деп билдирди ал.

28-ноябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депуттарын шайлоо болуп өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты